Анын айтымында, бул долбоор ийгиликтүү ишке ашты жана мындар ары да улантылат.


“Өткөн аптада ЖК айрым депутаттар тарабынан демилгегенген мыйзам долбоорду четке катты. Мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банк өлчөмдүү алтын куймаларын четтен киргизүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулушу каралган. Белгилүү болгондой, жүз граммдык куймаларды “Кыргызалтын” чыгарат. Парламентте чакан өлчөмдөгү алтын куймаларын эмне үчүн өз өлкөбүздө чыгарбай жатканыбызды сурашты. Бул кошумча жабдыктарды талап кыларын белгилеп кетүү керек, “Кыргызалтындын” кубаттуулугу жетпейт. Учурда биз “Кыргызалтын” менен бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, бул маселе чечилет деп ойлойбуз”,-деди ал.


Ошондой эле, Т.Абдыгулов буга Улуттук банк акча салышы мүмкүндүгүн белгиледи.

 

Кабар