Өлкөбүздүн бюджети жыл сайын эле дефицит менен кабыл алынып, жыл аягы да ошондой жыйынтыкталары бештен белгилүү. Бирок 2016-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджет 20,9 млрд. сом тартыштык менен аткарылды. Өткөн жылдын акыркы айында эле таңкыстык 3,4 миллиардга өскөн. Ал эми бюджеттин жалпы кирешеси 115 млрд. 771 млн. 339,3 миң сом болсо, чыгашасы - 136 млрд. 697 млн. сомду түзгөн. Ошентип 2016-жылдын жыйынтыгында тартыштык 20 млрд. 925 млн 880,6 миң сом болуп, акыркы 25 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Жалпысынан каржы булактары 25 млрд. сомдон ашык сумманы түзсө, анын 6 млрд. 482,5 млн. сому ички жана 19 млрд. сомдон ашыгы сырткы булактар болуп эсептелет. Каржы министрлигинин бул маалыматы жакын арада Кыргызстандын экономикасы банкрот болуп, кирешеден чыгаша, сырткы карыз көбөйүп жаткандыгынын белгиси эмеспи? Үй-бүлөлүк, кландык башкарууга кабылып, коррупция менен паракорлук күч алган Акаев менен Бакиевдин доорунда да бюджет мынчалык астрономиялык суммада тартыштыкка кабылган эмес. Демек, азыркы бийлик өткөн эки президенттин учурунан да “жакшы” иштеп жаткан турбайбы. Адистердин божомолунда, эгер экономикада чукул өсүш болбосо, өлкө экономикасы жазга жетпей дефолотко кабылышы мүмкүн.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл