Бишкек, “Саясат.kg”. Өткөн 2016-жылы Жалал-Абад шаарындагы ички чарбалык иштерге ички инвестицияны тартуу көлөмү мурдагы 2015-жылга караганда дээрлик 10 пайызга өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

 

Анын айтымында, өткөн жылдагы шаарга тартылган ички инвестициянын көлөмү мурдагы жылга караганда 262,7 миллион сомго көптүк кылат.

 

-Жалал-Абад шаарында акыркы эки жылда ири өзгөрүүлөр болуп жатат. Албетте, бул шаардын инфраструктуралык өнүгүшүнө ички инвестицияларды тартуу жагы жакшы жолго коюлганын көрсөтөт. Мисалы, 2015-жылы ички инвестициялардын көлөмү 2 миллиард 699,5 миллион сом болсо, өткөн 2016-жылы анын көлөмү 2 миллиард 962,2 миллион сомго жетти. Демек, мурдагы жылга караганда 109,7 пайызга өскөн, - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, акыркы жылдары шаар экономикамына тартылган ички инвестициялар жаңы жумушчу орундарын түзүү жана жалпы экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу аркылуу болуп жатат.