“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы  теңдештирилген тарифтерди жасалма жогорулатуу аркылуу Кыргызстанга 115 миллион доллар зыян келтирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде жумушчу топтун жыйынтык маалыматы угулуп жаткан учурда белгилүү болду. 

 

Бул жумушчу топ жүк ташууларга төлөнүүчү темир жол тарифтерин теңдештирүүнү Кыргызстан үчүн ЕАЭБге киргенден 24 айдан кийин колдонууга киргизүү тууралуу кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгүн караган болчу. Аталган жумушчу топтун жетекчиси, депутат Тынчтыкбек Конушбаев, өлкө ЕАЭБге киргенден кийин жүктөрдү ташуу биримдикке киргенге чейинкиге караганда кымбат болуп калганын, логика боюнча тескерисинче болушу керектигин айтат.

 

— Шалаакылык жана жоопкерчиликсиз “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин демилгесинин негизинде Кыргызстандын экономикасына 115 миллион доллар эбегейсиз зыян келтирилген. Биздин мамлекетке кирген жана чыккан темир жол аркылуу жүктөр үчүн транзиттик тарифти унификациялаганга караганда бир нече эсе жогору колдонуп жатышат. Мисалы, транзит тарифи боюнча бир тонна бензинди алып өтүү баасы 60,5 доллар, ал эми унификацияланганы 18,4 доллар болууда. Айырмасы 42,1 доллар. Өзүңөр деле эсептеп көрсөңөр болот, канча деген зыян келип жатканын. 

 

Бул айтылган сандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилеген Конушбаев, учурда Эсептөө палатасы да иш жүргүзүп жатканын кошумчалады. Аны менен катар жумушчу топтун өкүлдөрү аталган маселе буга чейин парламенттин жалпы жыйынында башка депутаттар тарабынан да көтөрүлгөнүн эске салышты. Бул туура эмес иш аракеттердин аркасынан “Казак Темир Жолу” зор пайда көрүп жатканы маалымдалды. Мындан улам көбүнчө кыргыз ишкерлери жабыркап келгени да жашыруун эмес.

 

Ал эми Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов анын буйругунун негизде “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын иши боюнча комиссия түзүлгөнүн, анын жыйынтыгы чыга электе бул багытта кандайдыр бир пикир айтуу эртелик кыла турганын айтып өттү.

 

— Былтыр 26-декабрда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынында кийин унификацияланган тарифти алып коюу боюнча Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге кол койгонбуз. Ал эми “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча менин буйругум менен комиссия түзүлгөн. Комиссия бул иштер боюнча азыр иштеп жатат. Жыйынтыгы чыккандан кийин кандайдыр бир чечимге келе алабыз. Азырынча бул боюнча бир нерсе деп айтуу эртерээк деп ойлоп жатам. 

 

Депутат Акылбек Жапаров болсо Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин темир жол тарифтерин теңдештирүүнү 24 айга узартуу Кыргыз мамлекетинин бюджетине 1 млрд 200 млн сом чыгым алып келгенин, тарифтерди теңдештирүүнү жылдыруудан бул убакыт аралыгында мамлекет 150-200 млн доллар киреше албай калганын билдирип чыкты.

 

“Темир жол тарифтерин теңдештирүү мөөнөтүн жылдырууну чыккынчылык катары саноого болот. Мындан баалар төмөндөтүлөт деген ЕАЭБдин беделине орду толгус сокку урулду. Бул тамаша эмес, бул чоң жана өтө кооптуу белги”, — дейт ал.

 

Депутат Антикорруциялык кызматка темир жол тарифтерин теңдештирүүнү 24 айга узартуу боюнча чечим кабыл алып жатканда кимдер казак темир жолчулары тарапта болгонун иликтеп чыгууну сунуштады.

 

Ошондой эле эл өкүлү комитетке күнөөлүүлөрдү таап, аларды Ата мекендин чыккынчылары катары жазалоону сунуштап, алардын саткын аракетинен өлкө ири чыгымга дуушар болгонун белгиледи.

 

Эске сала кетсек, бүгүн тармактык комитет жүк ташууларга төлөнүүчү темир жол тарифтерин теңдештирүүнү Кыргызстан үчүн ЕАЭБге киргенден 24 айдан кийин колдонууга киргизүү тууралуу кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгүн караган  жумушчу топтун жыйынтык маалыматын укту.  Ошондой эле, комитет жыйынында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын тепловздору менен вагондорун ижарага берүү маселесин да карады.

 

Булак: "Марал"