Кыргыздар баарыбыз эле этти жакшы көрөрүбүз бештен белгилүү эмеспи. Бирок ошол базардан сатып алган азык адалбы, санитардык талаптарга жооп береби? Эмнегедир ушул суроолордун жообуна көпчүлүгүбүз эле кызыга бербейбиз. Андай жоопту өткөн жумада КТРКнын Э.Молдокадырова деген кыз болсо да көкжал журналисти баарыбызга берди. Көрсө, арам өлгөн, карышкыр, ит-куш тиштеп кеткен, ооруган малды атайын бул “бизнес” менен шугулданган шылуундар түнкүсүн Бишкектин Ош базарына алып келип, дүңүнөн килосун 60-80 сомдон сатышат экен. Ал эми ушул адал эмес этти алгандар “Халал” деген атты алып жүргөн белгилүү колбаса цехтер экендиги өтө опурталдуу. Көрсө, көзүнө акчадан башка эч нерсе көрүнбөгөн бул эргулдар баарыбызга арам өлгөн, ооруган малдын этин колбаса, гамбургер кылып жедирип атышкан турбайбы. Баса, дал ушул журналист кыз эшек этин саткандардын бетин ачты эле, эми минтип арам этти жеп жаткандыгыбызды далилдеди. Макул, Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогон арам өлгүрлөр ушундай кылат экен. Бирок бизде мамлекет, бийлик, текшерүүчү орган деген барбы!? Аларга эл шайлоодо добуш бергенге эле керек болуп, эмнени жеп аткандыгы кызыктырбайбы. Эмнеге оппозицияны камагандай текшеришпейт?

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити