Бишкек, "Саясат.kg". ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, Бажы биримдигине кошулганда негизги 4 багыт өз жыйынтыгын бериш керек эле. Алар – жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүшү, товарлардын кеңири алмашуусу, кызмат көрсөтүү менен капиталдын эркин айлануусу.

 

“Бирок, азыркы күндө товарлардын эркин айлануусунда аталган биримдиктеги башка мамлекеттер утушка жетишсе жетишип жаткандыр, бирок биз азырынча ийгилик жарата албадык. Товарларыбызды сыртка чыгууда тоскоолдуктарга кабылып турганда, башка бир рынокту издөө зарылчылыктары жаралды.  Мындай шартта Европалык биримдикке мүчө болгон 27 мамлекеттин  жалпы артыкчылыктарды берүү системасы биз үчүн ыңгайлуу болуп турат”,- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев “Парламент” радиосуна.

 

 “Маалымат берүү, сертификация, лаборатория маселелерин чечүү талаптары орчундуу болуп турат. Ушул багыттагы иштерибиз алга жүрүп, еврорынокко чыга турган болсок, азыркы жалпы жеңилдиктерди берүү системасы 10 жылдык мөөнөт менен эле чектелбей, өз мөөнөтүн дагы  кошумча 10 жылга узарта алат”,- деп түшүндүрдү депутат.

 

Жергиликтүү шартта өндүрүлгөн товарлардын 6200 түрүн еврорынокко алып чыгууда бажы алымдары алынбай турган болду. Бул тууралуу маалыматтар менен ошол эле уктурууга катышкан КР Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров тааныштырды.

 

 Ошондой эле ал, -“Сыртка экспорттоло турган товарлардын катарында төө бурчак, жаңгак, кургатылган мөмө-жемиштерден тартып, текстилдик продукцияларга чейин бар”,- дейт.