- Айылчы мырза, тышкы карызды төлөө мөөнөтү келип, мамлекет кыйын кырдаалга кептелгени тууралуу кептер айтыла баштады го?

 

- Тышкы карыз ички дүң продукциядан көп эмес, 70 эле проценти. Тышкы карыздын көпчүлүгү инвестиция түрүндө келген карыздар. Инвестиция түрүндө келген карыздар  өндүрүлгөн продукциянын эсебинен кайра төлөнөт.

 

- Кыргызстандын тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүгү барбы?

 

- Албетте бар. Эгер башка мүмкүнчүлүктөрдү билгендер болсо айтсын. Айтайын дегеним, кээ бир депутаттар “жолду эмне үчүн карыз алып куруп жатабыз?”- деген күлкүнү келтирген суроолорду беришет. Эгерде ал депутаттын жолду карыз албай курганга мүмкүнчүлүгү болсо, жол куруп берсин. Жолдун баары талкаланып жатат. Түшүнсө мамлекет карызды жыргаганынан эмес, аргасыздан алып жатат. Жол талкаланган өлкөдө эч качан экономика оңолбойт. Жолду көрбөгөндөр ошентип сүйлөп жатышат. Чынында жол жакшы болсо, электр линиялары жакшы иштесе, өндүрүшкө да, элге да ыңгайлуу шарттар түзүлсө гана  өндүрүш өнүгөт. Андан түшкөн пайда менен карыздар жоюлат. Бул механизмди билбегендер ойду-тоону сүйлөп жатышат.

 

- Кыргыз сому инфляцияга туш болбойбу?

 

- Бул инфляция ар бир мамлекетте боло берет. Сомдун курсу Улуттук банктын жүргүзгөн саясаты аркылуу кармалып келе жатат. Казактардын теңгесине, орустардын рублине караганда алда канча жогору болуп бир калыпта турат. Бул дагы бааны  кескин көтөрүлүп кетпеси үчүн жасалган аракет. Азыр дегеле дүйнө жүзүндө ар кандай саясый, экономикалык кризис болуп, Жакынкы чыгыштагы,  Украинадагы согуштун баарын үчүнчү дүйнөлүк согуштун башаты  болуп, кырдаал кыйындап  жатат. Ушул маалда биздин сом укмуш болуп кетет дегенден алыс болушубуз керек.

 

- Кыргызстанды каптап келе жаткан каатчылыктан кантип сактанып, кантип алдын алсак болот?

 

- Алдын алыш үчүн  кыргыздар оозу менен эмес, колу-буту, башы менен да иштеши керек. Көрүнгөнгө барып карыз сурап, аны “бекер алдың, бекер бердиң” дегенден көрө “өзүм чыгардым, өзүм өндүрдүм, өзүм оокат кылып жатам”- дегенге үйрөнүшү керек. Ошондо кризистин алды алынат. Чалкасынан түшүп, “бул берет, тиги берет” деп жата берсек, анда кризис бизди каптап кетет.

 

- Германия менен кытайдын сунган колунан майнап чыгабы?

 

- Мамлекет деле адам сыяктуу, үй бүлөдөй. Эгер сен кошуна-колоңдор менен жакшы катышып, жакшы мамиледе болуп, алар менен эриш аркак  болуп, арык чаап, жол салып, көпүрө салсаң ар бир кишинин үйүндө оокаты болот. Кошунанын бири-бирине жарыгы тийет. Мамлекет да ошондой. Ар бир мамлекет менен алака кылып, ошолор менен өзүнүн ыңгайына жараша экономикалык мамилесин өнүктүрсө, албетте сунган колдон майнап чыгат.  Өнүккөн мамлекттердин алдыңкы сабында турган Германия менен Кытайдын кантип пайдасы тийбесин. Башкача айтканда, өнүккөн мамлекеттер Кыргызстанга кызматташуу ниетин билдиргени жакшы жөрөлгөнүн башаты десек болот.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, 14.11.2016-ж.