Каржы полициясынын Баткен областтык башкармалыгынын башчысы Камчыбек Абдыкадыровдун билдирүүсүнө боюнча Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын алдында укук коргоо органдарынын Координациялык Кеңешинин чечимдерине ылайык каржы полициясы тарабынан оперативдүү-иликтөө иштери жүргүздү. Ош областынын Кара-Суу районунда катталган «Тимур Ойл» жеке менчик ишканасы 11-апрелдеги №22 келишимге ылайык жабык типтеги «Мунайзат» АКнын   Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан күйүүчү-майлоочу материалдарды алып турган. Жүктү коштоочу документтерин текшерүүдө «Тимур Ойл» жеке менчик ишканасы Баткен областына 17 миллион 764 миң 467 сомдук бензин, соляка ташып келгендиги аныкталган.
 
Каржы полициясынын Баткен областтык башкармалыгынын башчысы Камчыбек Абдыкадыровдун айтымында көпчүлүк учурда фирмалар областын аймагында эч кандай май куюучу филиалдары, сактоочу жайлары жок туруп бензин, солярка ташып келүүдө. Каржы полициясы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын областтык инспекциясынан алган маалыматы боюнча   «Тимур Ойл» жеке менчик ишканасы тарабынан Баткен областынын аймагындагы май куюучу жайларга бир литр дагы бензин, солярка келип түшпөгөндүгү аныкталып, ташылып келген 17 миллион 764 миң 467 сомдук бензин, солярка кайда кеткени белгисиз бойдон калган. Натыйжада мамлекетке 359миң 870 сомдук салык төгүлбөй калган. Бул факты боюнча каржы полициясынын Баткен областтык башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп,   иликтөө амалдары жүрүп жатат.
 
Ошол эле учурда област губернатору Арзыбек Бурканов атайын буйрук менен областтык мамлекеттик администрациянын кызматкерлерин чек ара бекеттеринде бензин, солярка ташыган унаалардын жүктү коштоочу документтерин каттоого алып, мониторинг жүргүзүүгө чыгарды. Губернатордун маалыматына ылайык областтык администрациянын бирден кызматкери ар бир 12 саатта алмашып чек ара, бажы, салык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Тажикстан менен жакын аймактагы чек ара бекеттеринде күнү-түнү күзөттө турмакчы. Мындай аракет өз жемишин бере баштады. Биринчи эле күзөт учурунда, 13-майдан 14-майга караган түнү 12 саат ичинде ар кандай фирмалардын жүк тартып бара жаткан 10 КАМАЗ автоунаасы областтык администрациянын кызматкери тарабынан катталып, коштоочу документтеринин көчүрмөсү алынуу менен жүктүн андан аркы тагдыры кандай боло тургандыгы тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлгө алынды.
 
Баткен областынын аймагында күйүүчү-майлоочу продукцияларга болгон бааларды турукташтыруу, чет жактарга чыгарбоо боюнча бул аракетибиздин жыйынтыгы боюнча жакынкы күндөрдө жалпы коомчулукка кеңири маалыматтарды жарыя кылабыз. Азырынча мыйзам бузуучулар менен аёсуз күрөштү уланта бермекчибиз - дейт Баткен областынын губернатору Арзыбек Бурканов.