Бишкек – “Саясат.kg”. Россия менен Казакстан Кыргызстанга бензинди экспортоого чектөө киргизгендиги  жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген. 2011-жылдын беш айында Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын келиши 25 пайыздан ашык кыскаргандыгы белгилүү. Бажы статистикасынын маалыматы боюнча өткөн жарым жылдын ичинде Кыргызстанга КММнын келиши 118,5 миң тоннага азайган. Реактивдүү майдын импорту 11,7 миң тоннага, дизель майыныкы 19,08 миң тоннага төмөндөп кеткендиги белгиленет.

 

 

 Башында Россия тарабы Кыргызстанга КММны берүүнү май айында токтотсо, андан кийин аны июнга чейин узартууну чечкен. Казакстан болсо КММнын экспортуна тыюу салууну андан мурда эле киргизген.
 
 Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеевдин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргенине караганда июль айында да Кыргызстанда КММ баасынын кескин көбөйүшү күтүлбөйт, анткени “ГазпромНефт Азия” монополиси КММларды түздөн-түз берүү жөнүндө россиянын заводдору менен макулдашкан. Ошондой болсо да монополияга каршы мамлекеттик тескөө агенттигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда бензин