Бирок, бюджет канчалык өспөсүн акча эч качан жетишпейт. Акыркы 20 жылда Кыргызстандын бюджети дайыма дефицит менен жабылууда. Ошондуктан, өкмөт жыл сайын тышкы карыз алып жашап жүрөт. Ал эми былтыркы 7-апрель окуяларынан кийин убактылуу өкмөт өз декрети менен 46 объектини мамлекеттин карамагына кайтарган. Өкмөт алардын көпчүлүгүн эми сатыкка коюп, бюджеттин анча-мынча тешигин бүтөөнү көздөп жатат.

Мамлекетке кайтарылган “Нарынэнергогидрокурулуш”, “Нарынгидроэнергомонтаж”, “Дастан”, Бишкек арак заводу ж.б.

ишканалар, көлдөгү “Достук”, “Солнышко”, “Аврора плюс”, “Комплекс” сыяктуу ондогон эс алуучу жайлардын кийинки тагдыры эми кызык болчудай. Бул объектилерди башкаруу үчүн мамлекеттик мүлк министрлигинин алдында атайын башкармалык да түзүлгөн.
 
Башкармалыктын жетекчиси Д.Кенекеевдин айтымында, жайында ачык аукциондо 30 объект сатылмакчы. Бул боюнча атайын программа кабыл алынып, парламентке жолдонду. Ал эми алардын наркын көз карандысыз баа койгон уюмдар аныктайт.
 
“Базарлык бааны билгенден кийин тендер жарыялап, өз убактысы болот. Ачык аукцион түрүндө сатыкка коёлу деген ниетибиз бар. Биз ойлоп жатабыз, июндун ортолорунан баштап”,- дейт Кенекеев. Анын айтымында, сатыкка коюла турган обьектилердин ичинде “5-канал”, “Пирамида” телеканалдары, эс алуучу үйлөр, ишканалардын акциялары, автоунаалар жана жер участоктору бар. Мамлекетке кайтарылган обьектилердин ичинде “Азияуниверсалбанкы” болгон. Банк экиге бөлүнүп, анын активдеринин негизинде “Залкар банк” түптөлүп жаткандыгы маалым. Бул банк дагы сатыкка коюлмакчы.
 
 Айтмакчы, учурда талашка түшүп жаткан “Мегаком” ишканасынын 40 пайыз акциясы да мамлекетке кайтарылган. Калган 51 пайызынын тагдыры сот аркылуу чечилүүгө тийиш. Өкмөт аталган объектилерди сатуу менен бюджеттин киреше бөлүгүнө каржы салууну көздөп жатат. Өкмөттүн программасына ылайык, “Кыргызтелеком” сыяктуу объектилерди сатууда 3 миллиард 740 миллион сом түшүүсү керек. Айрым саясатчылар “5 -канал” сыяктуу телеканалдар кээ бир адамдардын кызыкчылыктары үчүн иштеп жаткандыгын айтышууда. Кыскасы, бийликтеги аткаминерлер эми мамлекетке кайтарылган аталган объектилерди бир жылдан бери башка жолдор менен иштетүү ыкмаларын таба алышпай, четинен сатууга киришкени күмөндүү ойго салат.      
 
Г.Турдалиева