Дыйкандардан буудай сатып алуу милдетин мойнуна алган "Кыргыз агроазыккорпорациясы" бүгүнкү күндө буудай сакталуучу 13 кампа даярдаган. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Дүйшөнали Мамасалиев кечээ өкмөттүк жыйында билдирди. Бирок азырынча дыйкандардан алынуучу буудайдын баасы айтыла элек.
 
Быйыл жалпы Кыргызстан боюнча буудай 15 миң гектар жерге айдалган. Түштүк облустарда эгин чабык башталганы менен дыйкандар күйүүчү майдын кымбаттыгын жана эгин оруучу техниканын жетишсиздигин айтышууда. Күйүүчү майдын баасы айрым аймактарда 45 сомго чыкты.
 
Өткөн жылы күзүндө буудайдын баасы кескин кымбаттап, натыйжада ун менен нан азыктарынын баалары да көтөрүлгөн.
 
Булак: Азаттык.