Жыл башталышынан бери Кыргызстандын эл аралык резевдери 192 миллион 500 миң АКШ долларына көбөйдү, деп билдирет Улуттук банк.

2011-жылдын январында эл аралык резервдер 1 миллиард 718,9 миллион доллар болсо, июль айына карата 1 миллиард 911 миллион долларды түздү. Мында июнь айында анын көлөмү 12,4 миллион долларга көбөйгөн.

Кыргызстандын эл аралык резервдери баалуу кагаздар, чет элдик валюта, депозиттер, ошондой эле алтын жана башка активдер түрүндө сакталат.
 
Кабар