Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Дайыр Токобаев билдирди. Маалыматка ылайык k2invest.com деп аталган интернет барак Кыргызстанга келе турган инвесторлор менен жергиликтүү долбоордун ортосунда көпүрө болууну көздөйт. Сайтта Кыргызстандагы долбоорлор жана чет элдик инвесторлор тууралуу байма-бай маалымат жайгаштырылып турмакчы.

Бул сайт бүгүн Бишкекте өткөн “Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнүн жаңы жолдору” аттуу форумдун алкагында расмий ачылды.
Азаттык