КӨКБнү мурунку канзаада Максимдин жан-жөкөрлөрү ырайымсыздык менен тартып алгандыгын банк акционерлери апрелден кийинки райондук, шаардык сот инстанцияларында толугу менен далилдеген болчу. Бирок, бул иш Жогорку сотко жеткенде Р.Отунбаева, А.Атамбаев, А.Муралиев, Ө.Бабановдун кийлигишүүсү менен, маселе башкача өңүттө чечилип калган. Акыйкат чечим чыгара коём деп бир катар судьялардын кызматынан кол жуугандыгынан да жакшы кабардар болсоңуздар керек. Ошондон улам да, бийликтин АУБтун эски кожоюндары менен жең ичинен сүйлөшүп алгандыгы тууралуу кеп тараган.
 
КӨКБны басып алуу фактысы боюнча апрелден кийин Соцфонд менен Улуттук банктын жетекчилерине каршы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин да козголгондугу маалым. Анын жүрүшүндө аталган банкты атайылап кудуретсиздикке жеткизүү боюнча Максим Бакиев тарабынан буйрук берилгени далилденген. Бирок, башпрокурорлукка Байболов келери менен, ал да тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөп, бул ишти жап койгон. КӨКБ акционерлери анткен менен кол куушуруп олтуруп калышкан жок. Алардын кылмыш ишинин негизсиз токтолушу тууралуу доосун карап чыккан Бишкек райондор аралык соту Башкы прокуратуранын бул токтомун жокко чыгарган. Башка аргасы калбаган Байболовдун прокуратурасы бул ишти кайрадан жанданткан. Бизге түшкөн маалымат боюнча, учурда баш прокурордун орун басары М.Эшперов КӨКБнү рейдердик басып алуу фактысы боюнча бул кылмыш ишин кайра жабууга арбын аракет жасап жатыптыр. Ал эми жаңы дайындалган башпрокурор Аида Салянованын позициясы белгисиз. “Жаңы жетекчи жаңыча шыпырат”,- дегендей, Салянова Бабановдун баска жолуна түшпөшүнө КӨКБ акционерлери ишеним артышууда.
 
Ал ортодо КӨКБ иши боюнча чубактын кунундай чубалган сот ишинде кескин бурулуш болду. 2010-жылдын аяк ченинде, кылмыш иши кайра жандангандан кийин, КӨКБ акционерлери Бишкек район аралык сотуна жаңы доо менен кайрылган болчу. Бул ишти карап чыккан сот 14-апрелдеги олтурумунда маселени доогерлердин пайдасына чечкен. КӨКБ акционерлерин парламенттин профилдик комитети да колдогон. Иш ушинтип акыйкаттуу жолго түшө баштаганын сезген бийликтегилер учурда жаналакеттен кетишип, сот жана прокуратура органдарына кысым көрсөтө баштаганы белгилүү болууда. Ар дайым сот эркиндигин баса белгилеген бийликтин бул кылыгына нааразы адамдар арбын. Бул жерде бийликтеги таасирдүү фигуралар Надель менен Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргоп, ортодон байыгысы келип жатканы айтпасак да түшүнүктүү болуп турат.
 
Биз соттун, парламенттин фискалдык жана акча-кредиттик саясат комитетинин чечимдерин макалабызга далил катары тиркедик. Талаш эми соттун жогорку инстанциясында уланат.