Бишкек – “Саясат.kg”.  “Кыргызгаз” ААКысы июль айына карата жаратылыш газынын тарифин бекитти. Ага ылайык, Кыргызстанда көгүлтүр оттун баасы 2-3 тыйынга көтөрүлдү.

 

 

 Мында өлкөнүн түндүк аймактары үчүн баа 2 тыйынга кымбаттаса, түштүк аймактын керектөөчүлөрүнө 3 тыйынга көтөрүлдү. Натыйжада жаратылыш газынын баасы түндүктө 14 сом 69 тыйын, түштүк аймакта 14 сом 27 тыйын болду.
 
 Маалыматка ылайык, үйүндө газ эсептегичи жок, ысык суусу бар үйлөрдө бир адамга айына түндүктө 146,92 сом, түштүктө 142,96 сом төлөшөт. Ысык суу берилбеген үйлөрдө адам башына түндүктө 205,69 сом, түштүктө 200,15 сом төлөнөт. Газ колонкалары бар үйлөрдө бир адамга айына түндүк тарапта 161,61 сом, түштүк аймактарда 157,26 сом төлөшөт. Ал эми үйлөрдү жекече жылытууга колдонгондор үчүн бир чарчы метрине айына түндүк 117,54 сом, түштүк 114,37 сом төлөйт.
 
 Республиканын түндүгү менен түштүгүндө газга болгон баанын ар кандай деңгээлде болушу, газды ташып жеткирүү менен байланыштуу.