Логика боюнча, бул компаниянын 100 пайыз акциясын мамлекет менчигине алып коюш керек эле. Ошондо компанияны талашкандар эмес, чыныгы кожоюндары өздөрү эле чуркап келишмек.

 

 
Уюлдук оператор “Альфа-Телеком” жабык типтеги акционердик коомуна кантип таандык болуп калгандыгын гезитибизде кеңири жазганбыз. Арийне, майталкандуу компания кимдин болбосун көзүн күйгүзүп сугун арттырып тургандыгы, андыктан, бүгүн бийлик башында олтургандар да “MegaComду” эки көзү төрт болуп тартып алууга жандалбас уруп жатышканын да нечен маалыматтарыбызда белгилеп өткөнбүз. Жаңы бийлик тушунда дагы канчасынын карьерасына чекит коеру белгисиз болгон “MegaCom” чырынын чоо-жайы акыры билинет деңизчи. Ошентсе да, улам жаңы пайда болуп жаткан жагдайларды эске алууга тийишпиз.
 
Буга чейин, эсиңиздерде болсо, уюлдук компаниядан мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу сөз болуп, башпрокурорлуктан учуп кеткен Байболов чуусунун фонунда унутулуп кеткен. Бул факты тууралуу алгач “Альфа-Телекомдун” сырткы башкаруучусу Азамат Мурзалиев ооз ачып, 2010-жылдын 9 айынын алдын-ала жыйынтыгы боюнча “MegaComдун” кирешеси 25 млн. доллар чегинде көрсөтүлүп, расмий жыйынтыкта ал чек 15 млн. долларга азайып кеткенин, демек, 10 млн. доллар каражат уурдалып, кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшкөнүн белгилеген. Кийин бул факт тергөө учурунда толугу менен далилденгендигине карабастан, эмнегедир, эч ким буга маани бербей калган.
 
Атайын иликтөө иштеринде дайын болгондой, “MegaComдон” консультациялык жана рекламалык кызмат көрсөтүүгө төлөм шылтоосу менен ар кандай фирмаларга баш-аягы 135 млн. 720 миң сомдон ашуун каражат ( 2 млн. 900 миң доллардын тегерегинде) которулган. Андан тышкары “Montgomery Corporate Limited” офшордук аймакта катталган компанияга 500 млн. 798 миң сом “консультациялык кызмат көрсөткөндүгү үчүн” шылтоосу менен которулган. Анын ичинде 35 млн. сомго чын-чынына келгенде эч кандай кызмат көрсөтүлгөн эмес.
 
Биз бул багытта атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, дээрлик 3 млн. долларлык каражат кимдин чөнтөгүнө түшкөнүнө кызыктык. Белгилүү болгон фактыларды келтирели:
- “Ренессанс” жоопкерчилиги чектелген коомуна Т.О.Мытыев аркылуу 54 463 331 сом накталай берилген. Ошол эле Мытыев аркылуу “Мульти ком” фирмасына 22 159 895 сом чегерилген. Бирок, сурак учурунда Мытыев бул акчаларды албагандыгын, анын паспортун кимди-бирөөлөр колдонгондугун билдирип, шылуундарды жоопкерчиликке тартуу суранычын айткан.
- “Комрид” фирмасына 6 530 857 сом, “Топ Энерго” фирмасына 10 860 156 сом Д.Исмаилбаева аркылуу берилген. Исмаилбаева да паспортун бирөөлөр акчаны чыгарып кетүү максатында колдонгондугун билдирген.
- “Эвелита” фирмасы 12 998 847 сом, “Технотекс” 4 451 700 сом жубайлар Асипкуловдор аркылуу алышкан. Бул жарандар куйрук түйүп кеткендиктен, табылган эмес.
- “S&T KG” жабык типтеги акционердик коому иш жүзүндө “MegaComго” 9 293 933 сомдук кызмат көрсөткөн. А бирок, “Альфа-Телеком” бул сумманы ашырып, 23 554 388 сом которгон. Ортодо 11 226 358 сом жок жерден башка адамдардын чөнтөгүн кампайткан.
- Г.Т.Асаналиева аркылуу “Интеркапитал” фирмасына 2 344 015 сом (долларга айырбаштаганда – 50 миң), “Нью Профит Групп” ЖЧКна 4 690 000 (же болбосо 100 миң доллар) берилген. Асаналиева да куйрук түйгөн, кайда качып жүргөнү белгисиз.
- “Ред групп” фирмасына 5 995 037 сом М.К.Айткулов аркылуу берилген. Бул жарандын да азыр кайда экендиги белгисиз.
 
Көрүнүп тургандай, миллиондогон каражаттар мыйзамсыз жол менен “MegaComдон” чыгарылып, бир күндүк фирмалар аркылуу саналуу адамдардын байлыгына байлык кошкон. Бул иштердин артында, канзаада Максим Бакиевдин тургандыгын айтышууда. “Альфа-Телекомдун” баш директору болуп келген А.Силичке мыйзамсыз ишкердүүлүк, коммерциялык уюмдун кызматкеринин кызматынан кыянатчылык менен пайдалагындыгы үчүн кылмыш иши козголгон. “MegaCom” кыргыз эли болбосо мындай ири компанияга айланмак эмес. Биз акыркы тыйыныбызды аянбастан уюлдук телефон менен сүйлөшөбүз. Бизге ушундай кызмат көрсөтүп, акча алгандыгы үчүн “MegaCom” да бюджетти байытышы керек. А иш жүзүндө, “Альфа-Телеком” бюджетти эмес, бир ууч адамды байытып келгени факт. Биздин чиновниктерди билесиз, акча чыккан жерди көргөндө көздөрү кызарып чыгат. 1-2 миллионду итке сөөк ыргыткандай таштап коюшса, ооздору жап болот. Ошондуктан, бийликке булганбаган, көзү ток адам келмейин, “MegaCom” корпоративдик кызыкчылыктан чыкпайт. Азыр кандай элге бир пайдасы жок болсо, ошондой бойдон кала берет. Себеби, ар бир доордун “максимчиктери” чыга берет тура...
 
Н.Сейитов