Кыргызстанда микрофинансылык каржылоо рынок экономикасынын шартында иш алып барууга үйрөтүүдө. Бул туурасында бүгүн президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиялык микрофинансылык саммитте билдирди.

Мамлекет башчысы микрофинансылык саммит Борбордук Азия аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, иш-чара батыш инвесторлору менен жергиликтүү компаниялардын ортосундагы байланышты чыңдоого жардам берээрин айтты.

“Бүгүнкү күндө республиканын аймагында иш алып барган коммерциялык банктарда микрокредиттөө жолго салынды деп айтууга болот. Каржылоонун мындай жолу менен жеке ишкерлерден тартып, ири компанияларга чейин өнүгүү жолуна түшүүдө”, - дейт президент.

Р. Отунбаева микрофинансылык каржылоо Кыргызстанда 90-жылдары башталып, аны өнүктүрүүгө эл аралык финансы уюмдары зор салымын кошкондугун белгиледи.

 

 
Кабар