Карапайым калктын турмушу күн сайын начарлап бара жаткандыгы жашыруун эмес. Экономикага түздөн-түз таасирин тийгизген тармактарда болсо түшүнүксүз жүрүштөр ансайын көбөйүүдө. Башкасын айтпаганда да, банк тармагындагы “итке минген” абалды биздин гезит канча ирет жазып чыкты. Ошого карабастан, бийликтен бир ооз да комментарий болгон жок. “Молчание – знак согласие” дегендей, туура сөз жазганыбыз үчүн өздөрүн ыңгайсыз сезишип, сүйлөгөнгө шайы жетпей жаткан көрүнөт бу аткаминерлердин.
 
Апрель ыңкылабынан кийин АУБ эсебинде турган миллиондогон каражаттар изсиз жоголгон. Убактылуу өкмөттүн декрети менен Улуттук банк төрайымдыгына олтурган Бактыгүл Жеенбаева бул маселени көзөмөлгө алуунун ордуна, коомчулукка бири-бирине каршы келген маалыматтарды жарыялап, элдин башын айландырып келгенин баса белгилегибиз келет. “АзияУниверсалБанктты” заматта чачыратып жок кылып, анын жакшы активдеринин негизинде “Залкар” банкын түзө салган да ушул айым. Учурда маселеси чырмалышып, чечүүнү талап кылган “Кыргызөнөржайкурулуш”, “Манас”, “Кыргызкредит” банкттарынын тагдыры да кыл учунда турат. Жеенбаева мунун баарын бир максатта – өкмөттөгү бир-эки бизнесмен аткаминерлердин банк тармагын өз көзөмөлүнө алуусуна шарт түзүү үчүн жасап келгенин адистер айтышууда. Муну билгендиктен парламент Улуттук банк төрайымдыгына Бактыгүл Жеенбаеванын талапкерлигин президент сунуштаганда токтоосуз четке каккан. Ырайымсыздык иш стилинде биринчи орунда турган бу айымдын кызматтан четтетилгенине кубангандар оголе көп болгонун байкаган чыгаарсыз.
 
А бирок, калпагын көккө ыргытып, адилеттүүлүктөн үмүт эткендердин тилеги Бактыгүл Жеенбаева кайрадан Улуттук банкка төрайым Зина Асанкожоеванын орун басары болуп барганынан кийин таш каап олтурат. Болгондо да Жеенбаева эски иштерин аягына чыгарууга толук мүмкүнчүлүк берген банктык көзөмөл жагын алыптыр. Мыйзам боюнча УБ төрага орун басары президент тарабынан дайындалат. Орун басарлыкка талапкерди албетте, УБ төрайымы көрсөткөн. Ушунун өзүнөн эле Отунбаеванын “подружкесине” канчалык жан тартканы көрүнүп турбайбы. Зина Асанкожоеванын деле өзүнө ушундай орун басар тандаганынан канчалык деңгээлде ишти алып кете алары ачык көрүнүп калды.
 
Жеенбаеванын миссиясы эмнеде? Кандай жол менен болбосун, банк тармагына көз арткан адамдардын буйрутмасын аткаруу. Ачык айтканда, Атамбаевдин, Бабановдун, Каптагаевдин кызыкчылыгын коргоо. Курулай соз болбосун үчүн бир факт: “Кыргызөнөржайкурулушбанкынын” тегерегинде акылга сыйбаган жоруктар жүз берүүдө. Бу банктты Максим Бакиев жан-жөкөрлөрүнүн жардамы менен кантип тартып алгандыгы, анын туруктуу кардарларды тейлөө бөлүмдөрү “АзияУниверсалБанк” шапкасында ишин улатканы – мунун баары сотто далилденген. Бишкек шаардык соту банк акционерлеринин пайдасына чечим чыгарганына бир топ убакыт өттү, бирок, ал чечим аткарылбай келе жатат. Мыйзам боюнча, шаардык соттун чечими милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Буга жогорку инстанциядагы сотко арыз берилеби-жокпу, таасирин тийгизе албайт. “Кыргызөнөржайкурулушбанкын” мыйзамдуу ээлерине кайтарып берүү чечимин ошондо Адилет министрлиги аткарышы абзел. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, соттук чечимдин аткарылышына өкмөт башчы баш болуп бут тосуп жатыптыр. Ушунча болгон соң, сот реформасы тууралуу ураан-чакырыктарын унутушуп, Жогорку сотко да кысым жасашы булар үчүн көндүм көрүнүш болуп калды.
 
Эми коомчулукту кыжаалат кылган негизги маселе – кантип бу аткаминерлерди тыябыз? Анданк көрө башка маселелерди чечишпейби десең. Маселен, ушу тапта Бишкекте баш болуп бензиндин тартыштыгы сезиле баштады. Баалардын өсүшүнөн качып кете албайбыз. Эмнеге өкмөт ушуга окшогон эл көйгөйүнө баш оорутпайт? Же бензин кымбаттаган сайын Бабановдун байлыгы ашып-таша береби? Демек, шайлоого Атамбаев үчүн көбүрөөк каражат топтолот да. Ага чейин “Залкарды” пулдап алышса, андан жакшы. Мынча акчасы менен шайлоочуларды топ-тобу менен сатып алышса болот...
 
“Майдан.kg” гезити, 2011-жылдын 7-июлу