Баткен облаадминистрациянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Баткен областтык укук коргоо органдарынын Координациялык Кеңешинин 2011-жылдын 1-апрелиндеги чечиминин негизинде түзүлгөн жумушчу топторунун аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүү максатында область губернатору Арзыбек Бурканов буйрук кабыл алды.
 
Областка келип жаткан күйүүчү жана майлоочу майларды, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди кошуна мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында мамлекеттик салык, бажы кызматтары, финансы полициясынын жана областтык ички иштер башкармалыктарынын Баткен районунун Суу-Башы айыл округунун Боз-Адыр жана Төрт-Гүл айыл округунун Чоң-Талаа айылдарында түзүлгөн биргелешкен жумушчу топторунун аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүү максатында обладминистрациянын жооптуу кызматкерлеринен күзөттө туруу үчүн атайын график түзүлдү. Түзүлгөн графикке ылайык, обладминистрациянын жооптуу кызматкерлери күнү-түнү кезекте турушат.
 
«Учурда область аймагында өзүбүздө жетишпей жана кымбат болуп жаткан күйүүчү жана майлоочу майларды, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди кошуна мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча көзөмөлдү күчөтүү боюнча А.Бурканов катуу талап койду», - деп билдирет басма сөз кызматы. Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы Баткен шаарында «ГазпромНефтьАзия» ишканасынын май куюучу жайларында бензин 35 сом 40 тыйын, солярка 38 сом 20 тыйындан сатылууда. Ал эми областтын башка аймактарында бензин, солярка бул баадан дагы 10-15 сомго кымбат. Азырынча бааны туруктуу кармап турган «ГазпромНефтьАзия» ишканасы болгондуктан, губернатор областтын бардык аймактарында аталган ишкананын кошумча май куюучу жайларын курууну тездетүү жагын өтүнүп, «ГазпромНефтьАзия» ишканасынын жетекчилигине кат жолдоду. Буга чейин аталган ишкананын Кызыл-Кыя жана Баткен шаарында бирден май куюучу станциясы болсо, учурда Баткен жана Лейлек райондорунда жаңы май куюучу станцияларды ачуу пландаштырылууда.
Баракелде