2011-жылдын 5 айында КМШ өлкөлөрүндө инфляциянын өсүшү боюнча Кыргызстан үчүнчү орунга чыкты. Бул туурасында КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, январдан июнь айына чейин Кыргызстанда инфляция 6,5 пайызды түздү. Ал эми бул көрсөткүч Беларуста 25, Тажикистанда 7 пайызды түзүп, алгачкы эки орунду ээледи. Инфляциянын солгун өсүшү Казакстан жана Россияда белгиленип, 4,8 пайызды түзсө, Азербайжанда 3 пайыз болду.

Жалпы КМШ боюнча инфляциянын деңгээли 6 пайыз чегинде болду. 2010-жылдын 5 айында бул көрсөткүч 3,9 пайызды түзгөн болчу.

Инфляциянын өскөндүгүнө карабастан, КМШ өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү да көбөйдү. Өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга көп өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Анын ичинде алдыңкы үч орунда Кыргызстан да бар. Өнөр жай өндүрүшү Беларуста 12,5 пайызды, Арменияда 10 пайызды, ал эми Кыргызстанда 9 пайызды түздү.
 
Кабар