Бул тууралуу 5-июлда Бишкектин “Жал” кичи районундагы жаңы курулган үйдү пайдаланууга берүү аземинде, КРнын Өкмөтүнүн биринчи-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов билдирди. Мындай маалыматты КРнын Өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмү тараткан.

Ал учурда Кыргыз Өкмөтү жарандарга ипотекалык насыя берүү долбоорун даярдап жаткандыгын белгиледи. Бул программаны жакында түзүлө турган казак-кыргыз Инвестициялык фонду ишке ашыраары болжолдонууда. “Бүгүнкү салтанат өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын далилдеп турат. Мен ар бир атуул арзан, ыңгайлуу турак-жайы мене камыз болушу керек деп эсептейм”,-деди ал жаңы батир ээлерин куттуктап жатып.

Белгилей кетсек, сөз болуп жаткан 72 батирлүү үйдүн курулушу 2009-жылы үлүш каражат салуу менен башталган. Тендердик баасы-68 млн. 149,2 миң сом болсо, шаардык бюджет -27 млн. 259,68 миң сом, батир ээлери- 40 млн. 889, 2 миң сом салышкан

Учурда үйгө бардык инженердик байланыштар киргизилип, ички жасалгалоо иштери, айлана-тегерегин жашылдандыруу жана санитардык техникасын куроо иштери аяктаган.

 

Булак: Кабар.