Бир апта ичинде Кыргызстандын акча базасы 766,2 миллион сомго көбөйдү, деп билдирет Улуттук банктын тышкы жана коомдук байланыш бөлүмү.
 
Маалыматка ылайык, 27-июндан 1-июлга чейинки убакыт аралыгында банктардан тышкаркы же элдин колундагы акча 206,2 миллион сомго, ал эми коммерциялык банктардын камдары 560 миллион сомго көбөйгөн. Натыйжада апта акырына карата республиканын жалпы акча базасы 50,1 миллиард сомду түздү.
 
Мындан тышкары өткөн аптада коммерциялык банктардын депозиттери менен кредиттеринин көлөмү да көбөйгөн. Депозиттер 770,9 миллион сомго жогорулап, 36,1 миллиард сомго жетти. Ал эми коммерциялык банктардын кредиттери 178,9 миллион сомго өсүп, көлөмү 28,5 миллиард сомду түздү.
 
Булак: Кабар.