2011-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. 692 млн. долларды же 122 млрд. 258 млн. сомду түздү. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирет.
 
Маалыматка ылайык, июнь айына карата жалпы мамлекеттик карыздын көлөмү 2,8 млрд. доллар болду. Анын 2,6 млрд. доллары тышкы карыз болсо, ички карыздар 176 млн. долларды түздү.
 
Тышкы карыздардын ичинен эки тараптуу негизде алынган карыздар 1,1 млрд. доллар болсо, ал эми көп тараптуу же эл аралык финансы уюмдарынан алынган карыздар 1,5 млрд. долларды түзөт. Мындан тышкары Кыргызстандын Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына (ЕРӨБ) шарттуу милдеттеме түрүндө 842 миң доллар карызы бар.
 
Эки тараптуу негизде алынгандардын ичинен Кыргызстан Японияга 343 млн доллар, Россияга 490 млн, Кытайга 151 млн доллар карыз. Мында Россияга болгон карыздын 300 млн доллары жеңилдетилген шартта берилсе, калган 190 млн доллары жеңилдиги жок берилген карыздар. Ошондой эле Кыргызстан Францияга, Германияга, Кореяга, Кувейтке, Данияга, Түркияга карыз.
 
Эл аралык уюмдарга болгон карыздардын ичинен Дүйнөлүк банктын Өнүктүрүү эл аралык ассоциациясына 676 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкына 600 млн доллар, Эл аралык валюта фондуна 173 млн доллар карыз.
 
Булак: Кабар.