Жогорку Кеңеш сессиянын акыркы күнүндө апрель окуяларынан кийин улутташтырылган мүлктөргө байланыштуу токтом кабыл алды.
Токтомдо Убактылуу өкмөттүн декрети менен мамлекетке кайтарылган бир катар объекттердин тагдырын сот аркылуу чечүү тапшырылган. Соттор аркылуу коррупциялашкан жолдор менен ал мүлктөр таламайга түшөт деген кооптонуулар жок эмес.    

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн №1 декрети менен Курманбек Бакиевдин бийлиги токтотулуп, Убактылуу өкмөттүн бийлиги орнотулган эле. Андан кийин башка багыттагы декреттер чыгып, жалпы өлкө декреттер аркылуу башкарылып калган. Мына ошондой декреттердин бири менен мурдагы президенттин жакындарына таандык деп эсептелген 47 объект мамлекетке кайтарылган.

Убактылуу өкмөт жана азыркы өкмөт мына ошол объекттердин бир бөлүгүн ачык аукцион аркылуу сатып, ал эми калгандарын мамлекеттин менчигинде калтырарын айтып келген.

Бирок 30-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдо ал мүлктөрдүн эң эле "майлууларынын" тагдырын сот аркылуу чечүү жагы буйрулган.

"Майлуу" объекттер

Токтомго ылайык, 15 объекти соттун кароосуна жиберилет.
Алар:
          1) Чолпон-Ата шаарына караштуу 4.73 гектар жер.
          2) Чолпон-Ата шаарына караштуу 4.91 гектар жер.
          3) Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан 10 гектар жери менен “Аврора плюс” комплекси.
          4) 31 коттедж жана көп бөлмөлүү конок үйү бар “Аврора грин” туристтик комплекси.
          5) Чок-Тал айылында жайгашкан 91 кыймылсыз мүлкү бар 9.32 гектар жер.
          6) Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы дыйканчылык багыттагы жердеги курулуштар.
          7) "Нарынгидроэнергокурулуш" акционердик коомунун 90% акциясы.
          8) “Нарынгидроспецэнергомонтаж” акционердик коомунун 71.4% акциясы.
          9) “Континент принт” жоопкерчилиги чектелген бирикменин 65% бөлүгү.
          10) Як-40 учагы.
          11) “Чакан ГЭС” АКнын 100% акциясы.
          12) “Каприз” жоопкерчилиги чектелген коомдун 28.34% бөлүгү.
          13) “СК Ресурс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 35% бөлүгү.
          14) “СК Ресурс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 35% бөлүгү.
          15) “Ташкөмүр” жоопкерчилиги чектелген коомунун 97.03% бөлүгү.
Азаттык