Кыргызстандын Каржы министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматына таянсак, алтын продукциясы өндүрүлө баштаган. 1997-жылдан тартып, 14 жыл бою "Кум-Төр" долбоорунан Кыргызстанга 342 миллион доллар киреше түшкөн. Ошол эле маалда Канада тарап 237 тонна алтын казып алып, 3 миллиард 681 миллион доллар киреше тапкан.


Башкача айтканда, жалпы кирешеден мамлекетке тогуз пайыз гана пайда түшкөн. Буга нааразы болгон жергиликтүү калк келишимди толугу менен өзөртүүнү талап кылышууда. Алар таза кирешени эмес, казылып алынган алтынды тең бөлүүнү сунушташууда. Жергиликтүү калктын мындай сунушу ишке ашабы же кыргыз бийлиги дагы бир жолу жең ичинен келишимди өзгөртүшөбү аны убакыт көрсөтөт.


Эл сөзү