“Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында, 2006-жылдын 9-мартындагы кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүлү катары болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды реструктуралоо тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Реуспубликасынын Мыйзамынын долбоору бүгүн, 27-июнда ЖК Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин жыйынында каралды.
 
Бул мыйзам долбоорунун негизинде 2038 -жылга чейин КР тышкы карыздарынын үстөгүн төлөөдө 13миллион 400 миң доллар үнөмдөлөт. Ал   атайын түзүлгөн графиктин негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитет жактырып ЖК жыйынына жөнөттү.
 
КР ЖК Басма сөз кызматы