Банк тегерегиндеги оюндар Бакиев бийлигинин тушунда башталган. Кыскача айтканда – Максим Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү мыйзамсыз жолдор менен, аталган банктын акционерлерин коркутуп-үркүтүп жатып, Социалдык фонд жана Улуттук банктты аралаштырып, жалган документтерди жасап, КӨКБ банкын тартып алышкан. Кийин, жаңы бийлик келгенде Максим Бакиевдин бул багыттагы аракеттери боюнча кылмыш иши ачылып, тергөөнун жүрүшүндө жогорудагы фактылар толугу менен далилденген. Бул иш сотко өткөндө, баштапкы инстанциялар адилет чечим чыгара баштаган. Жогорку сотко чейин жеткенде, бийликтеги кээ бир адамдар “максимчиктер” менен тымызын сүйлөшүп алган шекил, сотторго кысым көрсөтүү менен, КӨКБнун акционерлеринин арызын бардык далилдер турганына карабастан тескери чечим чыгартышкан. Бул Убактылуу өкмөт тушундагы көрүнүш.
 
Андан соң, парламент шайланып, мыйзамдуу бийлик орногондо, КӨКБ иши боюнча кайрадан тергөө амалдары башталып, сотко жеткирилген. 2011-жылдын мартында район аралык, майда шаардык сот адилет чечим чыгарып, КӨКБ тарабында болгон. Жакында бул иш Жогорку сотто каралат.
 
Бирок, президенттик администрация, өкмөттөгү бизнесмен-чиновниктер (аттарын атабасак деле бардыгыңыздар билесиздер) Жогорку Сотко кысым көрсөтө баштаганы билинүүдө. АУБ, “Залкарбанк”, КӨКБ үчилтигине байланышкан чоң оюн бар. Аны президенттин подружкеси Бактыгүл Жеенбаева “крышаларынын” көрсөтмөсү менен жасоодо. АУБду атайын банкрот кылып, экиге бөлүп, “Залкарбанкты” түзүштү. Эми ал “залкарчик” сатылып, кимдир-бирөөсүн байытышы керек. “Кыргызкредитте” да ошондой оюн бар.
 
Айтор, банк тармагынан бизнес жасагысы келген бийликте бизнесмен чиновниктер көп. Ушулар үчүн КӨКБнүн соттогу ишинин акционерлер пайдасы үчүн чечилип жатышы – чекеге чыккан чыйкандай болууда. Ошон үчүн “сотторго көз карандысыздык” деп кыйкырып жүргөнүн унутушуп, өздөрү сотторду адилетсиздикке түртүшүүдө. Ушинте беришсе элдин кыжыры түгөнөт.
 
Ансыз деле соттордон эзилген адам көп. Кечээ Нарында сотторго нааразы болгондор митинг баштаарын жар салышты. Эми ушу соттордун айынан, то есть, сотторго кысым көрсөткөн бийликтин айынан дагы бир бийлик алмашуу болобу? Сөзсүз ушул керек беле буларга? Ансыз деле тынчтыкты аран орнотподук беле... Айтор баш айланткан суроолор өтө көп. Жогорку Сот конкреттүү КӨКБ иши боюнча кандай тыянак чыгарат, аны да күтө туралы...
 
“Maydan.kg” гезити, №23, 23-май