2011-жылдын I кварталында Кыргызстанга тартылган чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 46,3 пайызга өстү, деп маалымдайт Улуттук статистика комитети.
 
Жалпысынан I кварталда 1 миллиард 56,7 миллион доллар инвестиция тартылган. Анын ичинде 228,4 миллион доллар тике чет өлкөлүк инвестиция, 22,2 миллион доллар көлөмүндө грант, техникалык жардамдар келген. Ал эми калган 806,1 миллион доллар башка инвестициялар болду.
 
Инвестиция негизинен кайра иштетүү өнөр жайы, соода, финансы ишмердиги, кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө тейлөө көрсөтүү тармагына тартылган. Алсак, өткөн жылга салыштырмалуу кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына инвестиция тартуу 1,5 эсе, тоо кен казуу тармагына жумшалган инвестиция 21,3 пайызга көбөйгөн.
 
2010-жылы жалпысынан Кыргызстанга 2 миллиард 716,6 миллион АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылган. Ал эми 2009-жылы 4,5 миллиард доллар инвестиция түшкөн.
 
Кабар