«Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 5-майда Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын эли менен жолугушуп, «Кыргызнефтегаз» ишканасынын тегерегиндеги абалды талкуулашты.
 
Аймактык кабарчы Орозалы Карасартов кабарлагандай, учурда ишканада кош бийлик түзүлүп, өндүрүшкө терс таасирин тийгизип жатканын айтышып, ишкананын жумушчулары К.Ташиевге кайрылышкан. Ушул жолугушуунун негизинде К.Ташиев президент Р.Отунбаевага, премьер-министр Алмаз Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго жана мамлекеттик мүлк министири Нурдин Илебаевге кат жолдоду.
 
«Бул маселени чечүү өкмөттүн милдети. Бирок ушул убакка чейин өкмөт тарабынан эч кандай чара көрүлбөй, абал курчуп, калктын адилеттүү нааразычылыгын жаратып жатат», - деп жазылат катта.
 
К.Ташиевдин өкүлү Апсамат Паязовдун малыматы боюнча, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө айрым саясый партиялар кызыктар экендиги тууралуу жергиликтүү эл ачык айтып жаткандыгын белгилеп, «Кыргызнефегаз» ААКнын акцияларынын 85%ы Мамлекеттик мүлк министрлигинин менчигинде болгонуна карабай министрликтин жетекчилиги кырдаалды курчутуп, элди экиге бөлгөнгө жол койгон.
 
Ошондой эле, катта тирешүүнүн натыйжасында, бюджетке миллиондогон сом акча каражаттары түшпөй жаткандыгы айтылган.
 
«Сиз жүргүзгөн кадр саясаты жергиликтүү элдин пикирин эске албай, жумушка дайындоо адамдын адисттик сапаттарына эмес, анын саясий көз караштарынын негизинде ишке ашырылып жатат. Н.Элебаев жергиликтүү эл менен жолугуп, түзүлгөн кырдаалды тез аранын ичинде элдин кызыкчылыгына чечип бербесеңиз, абал курчуп, көзөмөлдөн чыгып кетүүсү мүмкүн», - деп жазылган катта.
Баракелде