Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 96

Улуттук банк төлөмдөрдү борборлоштуруу багытындагы иштерин улантып жатканын маалымат жыйынында аталган банктын төрагасы Алмаз Бакетаев билдирди.

Ал Улуттук банк тарабынан бирдиктүү QR-код төлөмү киргизилгенин белгиледи.

"Биз азыр Кыргызстандын чегинен сыртка чыгуу алдында турабыз. "Борбордук процессингдик борбору" ЖАКтагы кесиптештерибиз Alipay+ менен биргеликте өткөн жылы бул долбоорду башташкан. Бүгүн биз бул долбоорду иш жүзүндө ишке киргизип жатабыз. Биздин жарандар дүйнөнүн 62 өлкөсүндө каалаган валютада төлөмдөрдү жүргүзө алышат", — деди министр.

Алмаз Бакетаев бул кызмат кыргызстандыктарга чет өлкөлөрдө кошумча кыйынчылыктарсыз төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзөрүн, ошондой эле эсептешүүлөрдү кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кыларын кошумчалады.