
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин гидроэлектр станциялардын орнотулган кубаттуулугун жогорулатуу боюнча берген тапшырмасына ылайык, Үч-Коргон гидроэлектр станциясын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу улантылууда.
Пакет-2 алкагындагы иштерди башкы подрядчы — Кытай Эл Республикасынын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы аткарууда.
2026-жылы Үч-Коргон ГЭСинде №2 жана №1 гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо пландалууда. Бул ыкма модернизациялоо иштеринин мөөнөттөрүн кыскартууга жана долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Учурда эки гидроагрегат боюнча даярдык жана инженердик-техникалык иштер башталды. №2 гидроагрегатты реконструкциялоо иштерин 2026-жылдын 1-февралында, ал эми №1 гидроагрегатты — 2026-жылдын 1-мартында баштоо пландалууда.
Азыркы учурда №2 гидроагрегатта статор таякчаларын ширетүү, ошондой эле дефектоскопиялык көзөмөл жүргүзүү менен ротордун спицаларын чогултуу боюнча иштер аткарылууда. Ошол эле учурда №1 гидроагрегат боюнча долбоордук-техникалык даярдык иштери параллелдүү жүргүзүлүүдө.
Бардык иштер бекитилген календарлык графикке ылайык, техникалык талаптарды жана өнөр жай коопсуздугунун нормаларын так сактоо менен аткарылат.
Гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо станциянын орнотулган кубаттуулугунун этап-этабы менен өсүшүн камсыз кылат. Тактап айтканда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча реконструкциялоонун натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВтка жогорулаган, ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча орнотулган кубаттуулуктун жалпы өсүшү 36 МВтты түзөт.
Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоору гидроэнергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле станциянын узак мөөнөттүү, туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоого багытталган.