Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1067

 

Возможно, это изображение помост

Мамлекеттик салык кызматы банк секторунун жана Кыргызстан банктарынын бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда салык мыйзамдарына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү, «Транзакцияга салык» атайын салык режими жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы Мыйзамына ылайык, бул салыктын ставкасын 0,2 ден 0,1 пайызга чейин төмөндөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле транзакцияга салыктык башкаруу процесстерин автоматташтыруу жана өз ара аракеттенүү кызматтарын киргизүү боюнча биргелешкен иш алып баруу маселелери талкууланды.

Эске салсак, салык мыйзамдарына ылайык, эсеп ачылган банк транзакцияны жүргүзүүдө салык агенти катары бул салыкты кармап калат жана бюджетке төлөйт.

Транзакцияларды жүзөгө ашырган субъекттер «Транзакцияга салык» атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу. Бул режимди колдонуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Транзакциялар боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр атайын салык режимин колдонуу тууралуу арызды 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү.