Чакан жана орто бизнес субъекттеринин арасында накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонуу боюнча (POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизилди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата төлөм жабдууларын колдонуу боюнча, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууда салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууларды жүргүзүү убактылуу токтотулганын маалымдайт.
Ошондой эле, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу операцияларды жүргүзүүдө ишкердик үчүн атайын банктык эсепти колдонуу талаптары боюнча көзөмөл да убактылуу токтотулат.
Бул чечим 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болуп, төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат:
– 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
– патенттин негизинде;
– өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөндөргө;
Ошол эле учурда, мораторий төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:
– салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
– уюмдардан же жеке жактардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттерге;
– салыктардын, анын ичинде жалданма кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоолор бар болсо;
– акциздик маркалардын болушун текшерүү бөлүгүндө акциздик товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыргандарга.
Ошол эле учурда, Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин арасында төлөм жабдууларын колдонуу, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдүү улантат.