Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1778

2025-жылдагы геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик баланста 1,8 миллиард тонна көмүр турат. Бул тууралуу радионун эфиринде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик баланска коюлган негизги пайдалуу кен — алтын. Учурда мамлекеттик баланста 980 тоннадан ашык алтын бар. Мындан тышкары болжол менен 1200 тонна күмүштүн, ошондой эле 960 миң тоннага жакын жездин запасы эсепке алынган.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө рудалык пайдалуу кендерден тышкары мамлекеттик жер казынасын пайдалануу тутумунун алкагында эсепке алынган башка рудалык эмес ресурстар дагы бар.

Булак: Баракелде