Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллиондон ашты. Бул 2027-жылга коюлган максат, бир жыл мурда аткарылды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Айтымында, консолидацияланган бюджетти көтөрүүнүн үстүндө абдан чоң иштер болгондуктан, ал мөөнөтүнө жетпей иш жүзүнө ашты.
"Жыл соңун 1 триллион 93,1 миллиард сом өлчөмүндөгү консолидацияланган бюджет менен жабууну болжолдоп жатабыз. Республикалык бюджеттик киреше бөлүгүнө токтолсок, 430 миллиард сом белгиленген болчу, биз 605,5 миллиард сомго чыгып жатабыз. Ресурстарды кошкондо 586 миллиард сом эмес, аны 939 миллиардка жеткирдик. Негизинен мурда биздин бюджет социалдык багытта болчу, өтө чоң бөлүгү социалдык секторго кетчү. Бүгүнкү күндө өнүктүрүү бюджетине айланды десем жаңылбайм. Мисалы, 35-36 пайызга жакыны реалдуу секторго кетет, 23 пайызга жакыны социалдык секторго. 20 пайыздан ашууну айлык акыларды төлөөгө коротулууда. 6 пайыздайы капиталдык чыгашалар үчүн", - деди төрага.
Айтымында, Элдик банк жана энергетика капиталдаштырылды. Аны менен Элдик банк өлкөдөгү эң чоң банк болуп калды.
"Элдик банкты 65 миллиард сомго капиталдаштырып бердик. Аны дүйнө жүзү көрүп, жакында Кытай банктары аны менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Келерки жылга максатыбыз - Элдик банк, Айыл банкты дагы да капиталдаштыруу, эл аралык фондго чыгаруу", - деп белгиледи.