Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1790

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, ал бул кызмат ордуна дайындалганда президент Садыр Жапаров анын алдына 3 негизги тапшырманы койгон жана акыркы бир жылда ушул тапшырмаларды жүзөгө ашырууга күч-аракетин жумшаган. 

Алар: 

- акыркы 2-3 жылда өсүү темпи 9 пайызды түзгөн ИДПны ошол ыргакта кармоо;

- инвестиция тартып келүү;

- кыргызстандыктардын жашоо-шартын жакшыртуу.

“Бул боюнча абдан көп иштер жасалды, мен алардын негизгилерине токтолойун. Кыргызстандын 2021-2026-жылга карата өнүктүрүү стратегиясы бар болчу. Бирок биз 2026-жылга коюлган милдеттерди алдын ала аткарып койдук. Ошондуктан 2030-жылга карата тез арада улуттук өнүктүрүү программасын кабыл алуу керек болду, аны кыска мөөнөттө иштеп чыгып, президенттин жарлыгы менен бекитип алдык. Учурда Министрлер Кабинетинин бул боюнча иш-чара планын даярдап бүтүп калдык, буйруса, 2026-жылдан тартып аны баштайбыз.

Экинчиден, экономиканын темпи жогорулаган сайын, жыл сайын аны ошол бойдон кармоо кыйын болуп калат. Мындан улам бюрократиядан арылууну баштадык. Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчисин дайындап, ага менин орун басарым катары макам берилди", - деди төрага. 

Айтымында, аталган институт менен 3 багытта иш алып барышкан:

- нормативдик-укуктук актыларды толук карап, бюрократиялык маселелерди жоюу;

- мамлекеттик органдардын функцияларын карап чыктык, себеби бир функцияны бир нече мамлекеттик орган аткарат, а жоопкерчилик бирөөндө эле болууга тийиш;

- чоң реформага баратканда жогорку даражадагы мамлекеттик жетекчилерди коргоого алуу зарылчылыгы жаралды, анткени алар реформага коркпой барышы керек. Ага ылайык, нормативдик-укуктук актылар каралды”, - деди МинКаб төрагасы.

Ошондой эле Касымалиев 39 мыйзамга өзгөртүү даярдалган жана анын 19у кабыл алынганын, Министрлер Кабинетинин 60тан ашуун чечими бардыгын жана анын 28и кабыл алынганын кошумчалады.