Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 878

Кыргызстанда жаңы коммерциялык банк – "Берекет Банк" пайда болду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, бул өлкөдөгү 22-коммерциялык банк болду.

"Берекет Банк" ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы болуп Жаркынбек Сагындыков дайындалды.

Анын банк тармагында олуттуу иш тажрыйбасы бар:

8-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкы "Берекет Банк" ЖАКка улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия бергенин билдирген.

Банкты түзүүгө уруксат берүү чечими Улуттук банк башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.

Булак: Кабар