Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1738

Мамлекеттик салык кызматы KEZET деп аталган жаңы системаны ишке киргизет. Ал жасалма интеллектин негизинде иш алып барат. Аны менен Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө салык тутумуна жасалма интеллекти колдонгон биринчи өлкө болуп калат. 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов түшүндүргөндөй, жасалма интеллект аркылуу товар өндүрүлгөн же импорт болгон учурдан тартып керектөөчүгө жетип, чек чыкканга чейин көзөмөлдө болот. 

"Мунун биринчи максаты - адам факторун жок кылуу. KEZET - салык төлөөчүлөрдүн кылган иш аракетин жыйынтыктоочу система", - деди ал. 

Белгиленгендей, 2-этап 2026-жылдын январь айында башталат жана инспекторлордун саны 500дөн 1000ге чейин кыскаруусу күтүлүүдө.