Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1457

Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкектеги Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун алкагында Кыргызстандын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Эки тараптын биргелешип белгиленген стратегиялык максаты — өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин жеткирүү өзгөчө көңүл чордонунда болду. Бул багыт эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан белгиленген.

 

Министрлер ошондой эле ишкердик байланыштарды активдештирүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү колдоого багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор каралды.

Булак: 24.kg