Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1204

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстанда 5 чакан ГЭС ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 9 айдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 41,29 МВтты түзөт. Алар:

Жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 3,93 МВтты түзгөн дагы 4 чакан ГЭСти ишке берүү пландалууда.

Мындан тышкары, азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат.

Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду.

Булак: Кабар