Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 782

Президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрү болду.

Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу менен экс-спикер көрсөтүлгөн. Жетекчиси болуп Жаркынбек Сагындыков жазылган.

Президенттин администрациясы “Берекет банк” жана ага мамлекет башчынын уулунун байланышы боюнча комментарий бере элек.

Булак: govori.tv