Кыргызстан 9 социалдык мааниге ээ азыктын ичинен 6 түрү менен өзүн өзү камсыздай алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдан тарта өлкө кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай баштаган. Буга чейин Кыргызстан картошка, сүт, эт, жашылча-жемиштер жана жумуртка менен камсыз болуп келген. Калган 3 продукциянын айрым бөлүгү импорттун эсебинен келет: нан азыктары, өсүмдүк май жана мөмө-жемиштер.
Министрликтин маалыматына караганда:
-
Эт боюнча Кыргызстан уй жана кой этин 100% ашык камсыздайт.
-
Тооок эти боюнча толук кандуу камсыздоо иштери жүрүп жатат.
-
Экспорттук чектөөлөр аркылуу эттин баасын туруктуу кармоо жана рынокту жөнгө салуу максатында мамлекеттик көзөмөл киргизилген.
Ошондой эле, коңшу өлкөлөрдө эттин баасы жогору болгондуктан, дыйкан-фермерлер жогорку киреше алуу максатында этти экспорттоп келген.
Булак: koom.press