Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 533

Кыргызстанда 1-октябрга карата «АзияУниверсалБанк» ААК жана «Ак Банк» ААК жоюлуу процессинде турат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Эки каржы уюмунун тең жоюучусу катары Депозиттерди коргоо агенттиги чыгууда.

Регулятордун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 21 коммерциялык банк жана 304 филиал иштеп жатат. Алардын ичинен беш банк ислам банкинг принциптери боюнча иш алып барат.

Булак: govori.tv