Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 579

Мамлекеттик салык кызматы мүлктү сатуудан түшкөн киреше салыгын кантип төлөө керектигин түшүндүрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, эгерде жаран мүлккө бир жылдан көп эмес убакыт ээлик кылган болсо, анда мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.

Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык, турак үйдү, батирди же автоунааны сатууда алынган кирешеден 10 пайыз өлчөмүндө, тактап айтканда сатып алуу суммасы менен сатуу суммасынын ортосундагы айырмага киреше салыгын төлөө зарыл. Эгерде мүлк 1 жылдан кийин сатылса, сатуу суммасына карабастан, киреше салыгы төлөнбөйт.

Бирок, турак эмес жайларды сатууда киреше салыгы иштөө мөөнөтүнө карабастан төлөнөт.

Салыкты кантип төлөө керек?

Анан соң төмөнкүлөрдү көрсөтүү кажет:

Салык декларациясын толтуруу - киреше салыгы 1-майда тапшырыла турган салык декларациясын тапшыруудан мурун төлөнүшү керек экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Мисалы, эгерде салык төлөөчү мүлктү 2025-жылы саткан болсо, анда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүнөн кечиктирбестен, 2026-жылдын 1-майына чейин төлөшү керек.

Салык декларациясын салык төлөөчүнүн кабинетинде “Отчетторду тапшыруу” бөлүмү аркылуу онлайн тапшырууга болот. Ишкердик менен алектенбеген жеке жактар STI-100 формасын тапшырышат (1 тиркеме, 155 уяча, 1 бөлүм, “Салык салынуучу кирешелер”). Жеке ишкерлер STI-102 формасын толтурушат (5 тиркеме, 505 уяча, 1 бөлүм, “Салык салынуучу кирешелер”).

Декларацияда сатылган мүлктөн алынган киреше көрсөтүлөт, бирок мүлк сатып алуу же курулуш үчүн кеткен чыгымдар, ошондой эле оңдоого же түзөөгө кеткен чыгымдар эсептен чыгарылат.

Булак: Кабар