Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунда россиялык "Нацпроектстрой компаниялар тобу" акционердик коомунун жана "Кыргыз жол курулуш" ишканасынын өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Жолугушууда россиялык компания Кыргызстан үчүн бир нече инвестициялык демилге сунуштаган. Аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Сунушталган инфратүзүм долбоорлору төмөнкүлөр:
Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолу (24 чакырым, долбоордун болжолдуу наркы 55-70 миллион доллар, ишке ашыруу мөөнөтү 1-1,5 жыл);
Бишкек шаарын түндүктөн айланып өткөн Чүй альтернативдүү темир жолу (50 чакырым, долбоордун болжолдуу наркы 150-200 миллион доллар, ишке ашыруу мөөнөтү 2-3 жыл);
Токтогул суу сактагычы аркылуу асма көпүрө куруу (көпүрөнүн узундугу 4,8 чакырым, маршруттун жалпы узундугу 15 чакырым, ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл).
Сунуш киргизген тарап инфратүзүм долбоорлорун ишке ашырган Россиядагы эң ири холдингдердин бири экени, буга чейин транспорт жана энергетика тармактарында масштабдуу курулуштарды пайдаланууга бергени белгиленген.
Булак: sputnik.kg