Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековдун айтымында, Анкара көчөсүндөгү «Глобус» супермаркетинде эттин баасы 800 сомдон жогорулап кеткен.
Буга чейин бул аймакта эт сатуучу түйүндөр иштеп келген. Алар бузулгандыктан, супермаркетте баанын кескин өсүшүнө тургундар нааразы болушкан. Факт боюнча тиешелүү кызматтар протокол түздү.
Эскерте кетсек, 11-августтан тарта этке болгон баа 90 күнгө көзөмөлгө алынып, анын чеги 700 сомдон ашпашы керек.
Булак: koom.press