Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 2981

2025-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 42 миң сомду түзгөнүн Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу18,6 пайызга көп.

"Айлык акы кайсы тармактарда канчалык өсүп жатканын алчу болсок, биринчи орунда кыймылсыз мүлк операцияларына байланыштуу тармактын кызматкерлерикини жогорулады. Андан ары: 

- курулуш;

- саламаттыкты сактоо;

- маалымат жана байланыш;

- калкка социалдык кызмат көрсөтүү;

- илимий-техникалык ишмердүүлүк;

- ресторан жана мейманкана бизнеси;

- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ж.б. тейлөө ишмердүүлүк чөйрөсүндө", - деди Назира Керималиева.