Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 478

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы мамлекеттик “Элдик банк” ачык акционердик коому Beeline деген бренд менен таанымал “Скай мобайл” оператордук компаниясынын 100% акциясын сатып алганын билдирди.

Бул чечим санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталганы айтылды.

Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлгөнү, бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөрү кошумчаланды.

“Скай мобайл” Кыргызстанда 1998-жылы ачылган “Бител” ишканасынын негизинде 2006-жылдан тартып иштей баштаган. 2010-жылы ал он өлкөдөн турган компаниялар тобуна кирген.

Ушул тапта Кыргызстандын карамагында “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы “Мегаком”, азыркы “MЕГА” мобилдик байланыш компаниясы) бар. 2023-жылы компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алган.

Булак: Азаттык