Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 521
АЛА-ТОО РЕЗОРТ" ДОЛБООРУ: ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛЫНДА КӨМӨК ЧОРДОН КУРУЛДУ

Энергетика министрлиги кубаттуулугу 2217 МВт болгон “Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинети менен “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ачык акционердик коомунун ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлганын билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Инвестор 2025-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстанга жыл сайын 5 миллион доллардан жардам берет. Бул каражаттын бир бөлүгү жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жумшалат. Тиешелүү министрликтердин жабдууларын жана материалдык-техникалык базасын модернизациялоону каржылайт. ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык программаларына катышат.

Инвестор узундугу 340 км болгон 500 кВт электр линиясын куруп, аны “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү, ГЭС курулгандан кийин инженер адистерди даярдоо, Энергетика министрлигине жана медицина тармагына атайын техникаларды берүү милдетин да алды.

Казарман ГЭС каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында төрт ГЭС болот. “Орто Азия инвестициялык Холдинг” компаниясы каскаддын үч ГЭСин курууга кызыкдар.