Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 1423

Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоор" ишке кирди. Бул тууралуу Экономика жана  коммерция  министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча улук адиси Кристофер Финч, Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору Марс Наспеков, ошондой эле негизги мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын катышуусунда семинар өткөрдү.

Семинар айыл аймактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган масштабдуу мамлекеттик программа - "Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун" башталышына арналган.

Долбоордун жалпы бюджети 27 млн долларды түзөт, анын ичинде:

- 25 млн доллар - Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (ЭӨА) 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз кредит;

- 2 млн доллар - Дүйнөлүк банктын жетекчилиги астында донорлор тарабынан каржыланган "Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк"(ELP) фондунун гранты.

Долбоор өлкөнүн жети облусунда климатка туруктуу айылдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө — айрыкча аялдар, жаштар жана калктын аялуу топторуна багытталган.

Долбоорду Экономика министрлиги башка мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта координациялап, АРИС тарабынан ишке ашырылат.

Долбоор Кыргызстандын 40 районун камтыйт. Ар бир райондон бирден айыл аймагы тандалып алынат, ага социалдык объекттерди — бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди, ошондой эле жылуулук, электр, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын ишке ашыруу үчүн 450 миң АКШ долларына чейин берилет.

Тандоонун критерийлери:

Долбоордо калктын, айрыкча аялдардын жана жаштардын демилгелерди пландаштырууга жана ишке ашырууга активдүү катышуусун камсыз кылуучу социалдык мобилизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык келген инвестициялык чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдоо грант түрүндө берилет.

социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары тарабынан иштелип чыккан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 15-20 айылдык аймак экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 200дөн 300 миң доллар өлчөмүндө кошумча грант алышат.

"Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорду" ишке ашыруунун натыйжасында:

Иш-чаранын алкагында АРИС менен "ОСОП+1" коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.